Тайвань боюнча Казакстандын расмий позициясы айтылды

Казакстан Тайванды Кытайдын аймагынын ажырагыс бир бөлүгү деп эсептейт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияровго шилтеме берүү менен казак басылмалары жазышты.

"Казакстан Республикасы "Бирдиктүү Кытай" принцибин колдойт жана Тайванды Кытай Эл Республикасынын аймагынын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт", - деген Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү.

Белгилей кетсек, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Кытай каршылыгын билдиргенине карабастан Тайванга 2-августта барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан