Ош аэропортунда такси айдоочуларына коюлган дооматтар боюнча 105 айдоочу суракка чакыртылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБден билдиришти.
Буга чейин социалдык тармактарда Өзбекстандын жараны Ильес Рашидовдун Өзбекстандын жарандары билет баасынын арзан болгондугунан улам “Ош” эл аралык аэропорту аркылуу өз өлкөлөрүнө келип жатканын жана аэропорттун жанындагы такси айдоочулары коңшу өлкөнүн жарандарын 6 чакырым жерге, тактап айтканда "Достук" өткөрмө жайына чейин бир адамды 500 сомдон, бир автоунаага 6-7 жүргүнчүдөн кылып күчтөп салып ташып жатышканын, аларды милиция менен МАИ кызматкерлери дагы карабай жатышканын айтып, өзүнүн нааразычылыгын билдирген видео тараган. Ал ошол эле кезде чалуу менен келген таксилер 160 сом болорун белгилеген.
Бул билдирүү 2022-жылдын 3-август күнү Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя боюнча “Ош” аэропортунда 105 такси кызматын көрсөткөн айдоочулар иш жүргүзүп жаткандыгы такталган. Баары тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн чакырылган. Алардын ичинен 25 такси кызматкери тергөөгө келип сурак беришти. Калгандары да кезек менен келип көрсөтмө берип жатышат", - деп билдиришти облустук милициядан.
Окуя болгон жайда жайгашкан видеө көзөмөл камерасынан видео тасма алынып, Өзбекстандын жараны Ильес Рашидов 2022-жылдын 21-июль күнү саат 22:45 чамасында “Ош” аэропортунда өзүнүн шериктери менен болгондугу аныкталды.
Окуя болгон күнү И.Рашидовго жол акысы 500 сомдон болот деп айткан таксист болуп иштеген атуул аныкталып, ал Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Мөнөк айылынын тургуну 46 жаштагы К.И. экендиги такталып суракка алынды.
Ал өз көрсөтмөсүндө аталган Өзбекстандын жараны учактан түшкөн кезде жанындагы шериктери менен такси унаалары токтоп турган жайга келген учурда “Такси керекпи?” деп алдынан утурлап чыгып, эгер бир адам чыкса 500 сомдон, эгер 4 адам болсо ар бирин 300 сомдон алып бара турганын айткан, себеби "Достукка" бир тарабына гана кардар болорун кошумчалаган. Кайтканда ал жактагы таксисттер адам беришпейт, ошондуктан бир адамга барып-келишине төлөйсүң деп айткандыгын, ага карата башка коркуткан аракеттер болбогондугун билдирген.
Мекемеден учурда тергөө иштери улантылып жатканын жана жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилерин кошумчалашты.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган окуя боюнча Жогорку Кең ештин депутаты Жанар Акаев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасаган.