Кытай армиясы эми Тайвань кысыгынын орто сызыгынын чыгыш тарабында үзгүлтүксүз машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик телеканалына таянып чет элдик ЖМКлар жазып чыкты.
Анда буга чейин Тайвань аралы менен материктик Кытайдын ортосундагы кууш кысыктагы медианалык сызык расмий эмес башкаруу линиясы болуп саналып келгени, аны эки тараптан тең аскердик учактар жана согуштук кемелер адатта кесип өтпөй турганы айтылат.
Ал эми мамлекеттик телеканалдын комментатору медианалык сызык эч качан мыйзамдуу түрдө таанылганбагандыгын жана бул АКШнын аскерлери өткөн кылымда өз максаттары үчүн түзгөн "ойдон чыгарылган" сызык экендигин билдирген.
Белгилей кетсек, Кытай Элдик боштондук армиясы машыгууну 2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга келген күнү жарыялаган. Пелосинин сапары Тайвань булуңундагы чыңалууга түрткү болду. Пекин 4-7-августта аскердик машыгуулар болорун жарыялоодон тышкары Тайвандан айрым продукцияларды импорттоого тыюу салган.
Тайвань 1949-жылы жарандык согуш маалында Кытайдан бөлүнгөнүн жарыялаган. Пекин аралдын көз карандысыздыгын тааныбайт жана аны өзүнүн провинциясы деп эсептейт.