Түрк мамлекеттеринин Аксакалдар кеңешинин төрагасы "Данакер" ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Садыр Жапаров ааламдашуу доорунда жана көптөгөн эл өзүнүн түпкүлүгүн жоготуп алган мезгилде Түрк мамлекеттер уюмунун алдында Аксакалдар кеңешин түзүлгөнүн өзгөчө маанилүү экенин канааттануу менен баса белгиледи.

"Өлкө башчы Садыр Жапаров баарлашуу учурунда эске салгандай, эки айдан кийин Түркияда Кыргызстан демилгелеген төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландалууда. Азыр кыргыз тарап кыргыз маданиятын, турмушун, каада-салтын жана искусствосун жайылтууга басым жасоо менен бул оюндарга спорт, маданият багытына да катышууга активдүү даярдык көрүүдө.

Өз кезегинде аксакалдар мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Садыр Жапаровдун уюмдун өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилешти. Алар Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин негизги ишмердүүлүгү менен таанышып, мындан аркы өз ара кызматташуу үчүн мамлекеттер ортосунда чоң потенциал бар экендигин баса белгилешти", - деп жазылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү зарылчылыгы тууралуу бир пикирге келишти.

Президент Садыр Жапаров жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Түрк мамлекеттеринин Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымды «Данакер» ордени менен сыйлады.

Мамлекет башчы менен жолугушууга аксакалдар Кыргызстандан Медеткан Шеримкулов, Азербайжандан Гасан Азиз оглы Гасанов, Казакстандан Икрам Адырбеков, Түркиядан Бинали Йылдырым, Өзбекстандан Бахтиёр Сайфуллаев, Түркмөнстандан Реджеп Базаров, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Багдад Амреев катышты.

Маалымат үчүн: Аксакалдар кеңеши сунуш берүүчү орган болуп саналат жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн кадыр-барктуу жарандарынын (мурдагы премьер-министрлер, министрлер, депутаттар, элчилер) арасынан дайындалган аксакалдарынан турат. Кеңеште Кыргызстандан Жогорку Кеңешинин мурунку төрагасы Медеткан Шеримкулов көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан