ЭЛДИК КАБАРга жооп: Кара-Кулжанын Карагуз айылындагы көпүрө качан бүтөрү маалым болду

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Карагуз айыл өкмөтүнүн тургуну кайрылып, айылды район менен байланыштырган көпүрөнү былтыр суу агызып кетип, бүгүнкү күнгө чейин жаңысы курулбай жатканын айткан. Атүгүл "Азыркы күнгө чейин бүтпөй, эл азап тартып келет. Көпүрө аркылуу Кара-Кулжа районуна каттачубуз" деген.

Жогорудагы маселе боюнча Кара-Кулжа районунун акиминин биринчи орун басары Талантбек Кармышаковго байланыштык.

Анын айтымында, учурда көпүрөнү куруу иштери жүрүүдө.

"Ылай-Талаа-Карагуз-Түшүнүк унаа жолунун 26,6-чакырымындагы Насирдин тилкесинде көпүрөнү сел алып кетип, Транспорт министрлиги аркылуу планга 12 миллион сом кирген. Өткөн жылы 4 миллион 500 миң сом бөлүнүп, көпүрөнүн бир тарабы бүткөрүлгөн. Экинчи тарабы быйыл бүткөрүлүп, үстүнө устунун таштоо иштери жүргүзүлүүдө. Быйыл 5 миллион сом бөлүнгөн. Ал жерден шакекчелер коюлуп, убактылуу жол берилген. Республикалык бюджеттен каражат толук бөлүнсө, быйыл бүткөрүлүп ишке берилет. Ал эми унаа транспорт каттоо үчүн жол бар", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан