Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жоголгон эгиз кыздар аман-эсен табылды

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жоголгон балдар аман-эсен табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Кѳл облусундагы “Кыргызское взморье” эс алуучу жайында жоголгон 5 жаштагы кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан. Ошол замат ИИМдин атайын багыттагы полкунун эки кызматкерлери эс алуу жайынын айланасынан издешип, саат 21:15 чамасында кызды таап аман-эсен ата-энесине ѳткѳрүп беришкен.

Ушундай эле кѳрүнүш "Көгүлтүр Ысык-Кѳл" эс алуу жайында да орун алган. Анда 10 жаштагы эгиз кыздар жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, полктун кызматкерлери Н.Кулданбаев, Э.Эркебаев, Б.Тагылыков жана О.Баратов издѳѳ иштерин жүргүзүп, эгиз кыздарды таап туугандарына ѳткѳрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан