Баткен облусунун Кадамжай районунун Абсамат Масалиев айыл аймагында 5 тоннадай жапайы өскөн кара куурайлар өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Баткен РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “МАК-2022” иш-чарасынын алкагында жергиликтүү тургундардын баңгилик кылмышына баруунун алдын алуу максатында жалпысынан 9,5 гектар жерди карап чыгып, болжол менен 5 тоннадай жапайы өскөн кара куурайлар өрттөлдү.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана милициянын участкалык өкүлдөрү А.Масалиев айыл аймагынын өкүлдөрү менен топторду түзүп, иш-чараларды улантууда.