Бишкектеги "Азия молл" соода борборунда бомба бар экени кабарланды

Бишкектеги "Азия молл" соода борборунда бомба бар делинип, ичиндеги адамдар эвакуацияланган. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүн болжол менен саат 13:56да "Азия Молл" соода жана оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөп кетишти.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, УКМКнын кызматкерлери да келишкен. Учурда тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүрүп жатат, чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан