
Бишкек шаары боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна 56 бош орун бар. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
"Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын өткөргөн мониторингине ылайык, калаанын муниципалдык билим берүү уюмдарынын 61 жетекчиси 5 жылдан ашык иштегени аныкталган.
Учурда Бишкек шаары боюнча борбордун жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна 56 бош орун бар", - деп жазылат маалыматта.
Белгилесек, мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен өтөт.
Өлкө ичиндеги региондор боюнча бош директорлук кызмат орундары бар мектептердин тизмеси
шилтемеде.