Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын 96-театр сезону 6-сентябрда ачылат. Бул тууралуу аталган театрдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү драма театры Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли менен ачылат.
Белгилей кетсек, аталган спектакль "Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде режиссёр Назым Мендебаиров тарабынан сахналаштырылган.