Садыр Жапаров "Жетим-Тоо" темир кени боюнча кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу Нарын облусундагы "Жетим-Тоо" темир кени боюнча кайрылуу жасады.
Анда социалдык түйүндөрдө "Жетим-Тоону "коргогучтар" болуп чыга келген жарандарыбыз элге кайрылуу кылып, өздөрүн “баатыр” көрсөтүп, элди "көтөрүлгүлө" деп чакырык жасап жатышкандыгы айтылган.
"Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо “Эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коёт” деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок.
Сырткы карызыбызды башка булактарыбыз менен эле жаап жатабыз жана жабабыз. Мындан ары күчүбүз жетет. Андан сырткары эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды дагы көтөрө баштадык.
Эгер Жетим-Тоону иштетип калсак, 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Бир пайыз эмес, бир муштум ташын эч кимге үлүш катары бербейбиз", - деп жазган президент.
Садыр Жапаров "Жетим-Тоону" иштетүүгө даярдык жок экендигин айтып, геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген гана буйрук берилгендигин билдирди.
"Тактап койсок, биз иштетпесек, келечек муун иштетет. Анан эле өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип, "Жетим-Тоону экинчи Кумтөр кылбайбыз" деп кыйкырып чыгышкандарын кантейин деле.
Эч нерсе боло электе эле билип-билбей, “Жетим-Тоону берип атышат” деп калп айтып, элдин башын айлантканды токтоткула. Айтпаса, адамдын жанын кашайтасыңар да.
Эгер Жетим-Тоону иштетсек, мындан бетер эмгек акылар көбөйөт, экинчи "Кумтөр" болот, ошол эле Нарын облусунун, ошол эле Жетим-Тоонун тегерегинде жашаган элдин турмушу оңолот. Инфраструктурасы оңолуп, керек болсо айылдарынын ичине чейин асфальт басылат. Бирок дагы бир жолу кайталап коёюн. Жетим-Тоону иштетебизби же жокпу, азырынча чечим кабыл алына элек. Иштете турган болсок эл менен макулдашып, анан 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Эл "жок" десе, анда - жок.
Бирок бир нерсени унутпагыла. “Алма быш – оозума түш, мени бекер эле "сүф" деп байытып, турмушумду оңдоп жибер” деп жата берсек, асмандан бирөө каражат бербейт. Мектептер салынбайт. Жолдор оңдолбойт. Эмгек акылар көтөрүлбөйт. Инфраструктураларыбыз оңолбойт. Кыскасы, өнүкпөйбүз. Бир нерсе кылайын десек эле “муну кылба, тигини кылба, туризм менен эле өнүгөбүз” деп чыгышат. Туризмди өнүктүрөйүн десең, “баланча өлкөнүн кишилери басып кетти, кокуй киргизбегиле” деп чыгышат. Деги биздин элге “эмне жагат?” деген суроо бергиң келет.
Мындан ары мен президент болуп турган убакта "Кумтөр", Жетим-Тоо жана башка ушул сыяктуу ири кендер эч кимге берилбейт.
Мага чейин берилип кетип иштеп жаткан ири кендерге болсо мамлекеттин үлүшүн киргизебиз. Убакыт керек.
Ошондуктан өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип жаткан “лжепатриоттор!”, Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла.
Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар “лжепатриоттор”, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?", - деген Жапаров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан