Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун 2-декабрда Келдибековдун тарапташтары өткөргөн митингде айткан сөздөрү коомчулукта кызуу талкууга алынды. Митинг учурунда тартылган видеолор бир нече бөлүктөргө бөлүнүп интернетке тараган. Коомдогу талкууларда мэрдин айрым сөздөрүнүн кесилип калгандыгы тууралуу айтып чыккандар да болду. Айрыкча мэрдин "Пока шаарда мен кожоюнмун" деген билдирүүсү калк арасында катуу талкуу жараткан эле.
Андан кийин Мелис Мырзакматовдун митингдеги сөзүнүн кесилген бөлүгү видео сүйүүчүлөр аркылуу интернетке чыкты.
Видеонун бул бөлүмүндө Мелис Мырзакматов "Эч качан Оштун намысын бербейбиз! Ошондуктан мен, оо, тетиги жерде карап отурам. Митингиңерди кыла бергиле. Камчыга 7 жолу уруксат бергенмин, “Митинг өткөрө бер” деп. Мына азыр Ахматка үчүнчүсүнө кол коюп бердим, “Өткөрө бер” деп. Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун" деп сүйлөгөн.