Бүгүн, 15-августта Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында фехтование боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан спортчу Роман Петров алтын медаль утту.
Ал финалда азербайжандык спортчу менен кез келип биринчи орунду багындыра алды.
Белгилей кетсек, Ислам тилектештиги оюндары Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Оюндар 18-августка чейин уланат.