Алымкадыр Бейшеналиев кызматына качан кайтат? Жооп

Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттыкты сактоо министри кызматына кайтаруу боюнча маселе кийинки жумада чечилет. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевге байланышканыбызда билдирди.

"Бул маселе боюнча чечим кийинки жумада кабыл алынат" деди ал.

Кечээ, 16-августта Бейшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылды. Ошондой эле ал саламаттыкты сактоо министринин кызматына киришүүгө даяр экенин айтты.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирген.

Андан кийин министр тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, 1 айга СИЗОго камакка алынып, кийин кайра үй камагына чыгарылган. Жактоочу Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым табылбаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан