"Аябай кымбат экен", "кардарлардын саны аз". Соодасы кызыган "Дордойдогу" абал (фото, видео)

Белгилүү болгондой, буга чейин жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилген.

Ага ылайык, мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ, тагыраагы окуучулар үстү ачык, асты кара түстөгү форманы кийсе болот.

Учурда бардык ата-энелер балдарына кийим-кече, окуу куралдарын жана башка керектөөлөрүн алып берип, жаңы окуу жылына даярдап жаткан учуру. Адатта ата-энелердин көпчүлүгү калаадагы соодасы катуу кызыган "Дордой" базарына бет алышат.

Бул базардагы баалар ата-энелердин чөнтөгүнө туура келеби? Быйыл бааларда айырмачылыктар барбы? Кардарлардын суроо-талабы кандай деген суроолор менен аталган базарга баш бактык.

Балдарын мектепке даярдап жаткан ата-энелердин көпчүлүгү быйыл мурунку жылдарга салыштырмалуу баалардын кымбат экенин айтышты. Айрымдары балдарына бир сыйрадан эле кийим алып берип, акчалары жетпей калып жатканын да билдиришти.

"Биз балдарды кийинткени атайын Таластан келдик. Төрт балам бар, аларга кийим-кече алып жүрөбүз. Баары кымбат экен. Мисалы сумкаларды миң сомдон өйдө алдык. Төрт балама деп 50 миң сом камдап келгем, жетеби билбейм".

"Мурунку жылдарда пандемияга байланыштуу балдардын мектеп формасы эркин эле. А быйыл классикалык стилде болуусу шарт экен. Учурда үч баламды кийинтип жүрөм, толук бүтө элекмин. Акчамдын дээрлик 70 пайызын короттум, ошондо да бир сыйрадан эле алып бере алдым. Аябай кымбат экен".

"Мен балама кийимдердин эң керектүүлөрүн гана алдым. Жалпысынан он миң сомду чапчыды. Окуу куралдары эле миң сом болду. Мурунку жылдарга караганда кымбатыраак".

Ал эми сатуучулардын бири Канайым Токтобаева быйыл товарлар кымбат келип, буга жараша кардарлардын саны да аз болуп жатканын билдирди:

"Көргөнүңүздөрдөй, бул жылы кардарлардын саны былтыркыга салыштырмалуу азыраак. Былтыр бул убакта талап жакшы болчу. Негизи эле келген товарлар кымбат болуп жатат, балким, буга байланыштуу кардар аз. Көрүп сурашат, баасын айтсаң кетип калып жатышат. Арзандарын көрсөтсөк, сапатын жактырышпайт. Биз деле чыгымдарыбызды эске алып, болушунча арзан сатканга аракет кылып жатабыз. Мисалы, 4-5-класстагы окуучулар үчүн ак көйнөктөр 500 сом турат, бул баа деле кээ бир ата-энелердин чөнтөгүнгө оор келип жатат".

Өспүрүмдөр үчүн бут кийим саткан Жанболот Исаков баанын кымбаттыгы жаңы моделдеги товарлардын келишине байланыштуу экенин айтты:

"Мурункуга караганда кардарларыбыз аз, ишемби жана жекшемби күндөрү көп болот. Жаңы моделдер чыгып, ошого жараша кымбатыраак".

SUPER.KG порталы аталган базардагы бааларга саресеп салып, окуучуларды мектепке даярдоого канча каражат кетерин билип көрдүк. Андагы бааларга ылайык, жалпысынан бир окуучуну мектепке даярдоо үчүн 12-15 миң сомдун тегерегиндеги каражат керектелет.

Мектепке даярдыктын баасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан