Олимпиада чемпиону операция жасатып эркекке айланды

Регби боюнча Олимпиада чемпиону болгон австралиялык Эллиа Грин жынысын өзгөртүп, эркекке айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал көптөн бери жынысын алмаштыруу операциясын жасатууну пландап жүргөн. Бирок спорттогу карьерасынан улам кийинкиге кала берген.

"Бул абдан кызыктуу болду. Адамдар каалаган нерсесин жасоо жана кыялдарын ишке ашыруу тандоосуна татыктуу”, - деген Грин.

Гриндин спорттук карьерасы 2021-жылы аяктаган. Ал 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында Австралия курамасы менен чемпион аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан