25-октябрда Ооганстанда күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын силкинүүсү Тажикстанда, Өзбекстанда жана Пакистанда сезилди. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук илимдер академиясынын Геология жана сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 22:44тө катталып, очогу Бадахшан аймагында жайгашты. Жер титирөөнүн очогу болжол менен 110 чакырым тереңдикте болгон.
Өзбекстандын сейсмологиялык кызматынын маалыматы боюнча, өлкөнүн айрым аймактарында силкинүүнүн күчү 2 баллга жеткен.