Бүгүн, 26-октябрда Баткен облусунда 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында каза болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, эскерүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, Баткен окуясынын катышуучулары жана курман болгондордун жакындары катышты. Ошондой эле курман болгондорго багышталып куран окулду.
"1999-жылы августта куралдуу топтор Баткен районунун аймагына басып киришкен. Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жана коңшу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн аракеттеринин натыйжасында согушкерлер өлкө аймагынан чыгарылган. Куралдуу кагылышууларда Кыргызстандын 76 жараны курман болуп, алардын 46сы аскер кызматкерлери болгон. Мындан тышкары, 100дөн ашуун жаран жаракат алган",- деп белгиленет маалыматта.