Талас жана Бакай-Ата райондорунда карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирип, иш-чараны мекеменин Талас аймактык башкармалыгынын кызматкерлери мергенчилер менен биргеликте ишке ашырганын кошумчалады.
"Иш-чаранын максаты - айыл чарба малдарын жапайы жаныбарлардан коргоо жана экологиялык тең салмактуулукту сактоо болуп саналат. Рейддин жүрүшүндө мергенчилер тарабынан чөөлөр атылды",- деп белгилешти мекемеден.