Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 28 миллиард долларга жетти

Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү ушул жылдын 7 айында 28 миллиард 100 миллион долларды түздү.

Коңшу өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы экспорт жана импорт 6 миллиард 300 миллион долларга өскөн.

Жети айда экспорт 11 миллиард 300 миллион долларга (продукциялар - 3 миллиард 300 миллион доллар, кызмат көрсөтүүлөр - 2 миллиард доллар), ал эми импорт - 16 миллиард 800 миллион долларга (продукциялар - 15 миллиард 400 миллион доллар, кызмат көрсөтүүлөр - 1 миллиард 400 миллион доллар) жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан