Супер фактылар: "Ак боз атчан ханзааданы күтүп, тоюн элестет". Айымдар жөнүндө кызыктуу фактылар

Дүйнөдөгү ар бир айым өзгөчө жана кайталангыс. Бирок бардык айымдарга таандык болгон ой жүгүртүү, мамиле жана иш-аракеттер бар. Алардын айрымдары менен бөлүшөбүз.

- Айымдар идеалдуу дене түзүлүшкө ээ болсо дагы өзүн толук сезип, арыктоо тууралуу ойлонушат;

- Ар бир айым "ак боз атчан ханзааданы" күтүп, үлпөт тоюнун өтүшүн элестетип, ар бир деталын ойлонуп чыгат;

- Кыздар маселесин чечүү үчүн көпчүлүк учурда курбуларына кайрылышат. Маселенин олуттуу же жөнөкөй экени маанилүү эмес;

- Эгерде маанайы 8 жолу өзгөрбөсө, анда ал "уктап" жаткан болот;

- Чачтары тармал болсо түздөп жүрүүнү каалашат, эгерде түз болсо тармалдатып алышат;

- Көпчүлүк айымдар интуициясын угуп, ошого жараша иш кылышат;

- Бардык айымдар косметикалык каражаттарды жакшы көрүшөт. Атырларды кооз бөтөлкөсү үчүн алгандар да жок эмес;

- Аябай таарынчаак келишет. Эмнеге таарынып жатканын байкабай да калышыңыз мүмкүн;

- Бир учурда тырмагын боёп, телефон менен сүйлөшүп жана телевизор көрө алышат;

- Дээрлик көпчүлүгү тамашакөй мырзаларды жактырышат;

- Мырзаларын кечиришет, бирок экөөнүн ортосунда чыр чыгып кетсе айым өткөн окуялардын баарын айта баштайт;

- Сүйүктүүсү же жолдошу менен урушуп кетсе дароо курбусуна чалып андан колдоо күтөт;

- Көпчүлүгү ресторандыкындай же көп этап менен жасала турган тамактарды өздөрү үчүн жасашпайт;

- Каттарды, куттуктоо кагаздарын сактап алышат да, маал-маалы менен окуп турушат;

- Мырзаларга караганда айымдар көп сүйлөшөт жана сөз байлыктары көп;

- Көңүлү жокто сүйлөбөй турган оң. Болбосо абал оорлошуп кетиши мүмкүн. Андай учурда аны колдоо керек;

- Мырзаларга салыштырмалуу техника менен достошо алышпайт;

- Көп өңдөрдү айырмалай алышат;

- Эркектерге караганда көбүрөөк жашашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан