Ош шаарында тиричилик таштандыларын иргөө үчүн стационардык аянтчалардын долбоору ишке кирди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарланды.
Ага ылайык, аянтча Араван кичи районундагы Гапар Айтиев көчөсүндөгү №11, №13 көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна орнотулуп, мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатат.
"Бул пилоттук долбоордун алкагында турмуш-тиричилик таштандыларын иргеп, курулуш жана коммерциялык таштандыларды уруксатсыз чыгарууну көзөмөлдөө үчүн стационардык жерде диспетчер туруктуу жайгашат.
Жалпысынан 10го жакын мындай стационардык участокторду орнотуу пландаштырылууда. Бул долбоор “Ош-Тазалык” тарабынан өз алдынча ишке ашырылып, калаанын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган", - деп жазылат маалыматта.