Мектепке каттоо: Ата-энелердин арыздары каралууда

Райондук билим берүү борборлорунда балдарды билим берүү уюмдарына кабыл алуу боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, Биринчи Май районунун тургундарынан 175 арыз келип түшкөн, анын 117си канааттандырылган, 16сы канааттандырылган эмес. Ал эми 42 арыз ээси жашаган жерин тактоого тийиш.

Ленин районунун тургундарынан 750 кайрылуу түшүп, анын 399у канааттандырылган, калганы каралууда.

Свердлов районунун тургундарынан 750гө жакын арыз түшүп, анын 600ү канааттандырылып, 24ү кийинкиге калтырылды.

Октябрь районунун жашоочуларынан 594 арыз түшүп, анын 79у канааттандырылган, 8и четке кагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан