Акыйкатчы институту Саламаттыкты сактоо министрлигинен 29 жаштагы келиндин майып болушуна күнөөлүү дарыгерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылат. Бул туурасында аталган институттун Фейсбук баракчасында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, акыйкатчыга Т. Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 1993-жылы туулган кызы 2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаардык №4 перинаталдык борборунда кан басымы жогору болуп кайрылганын айткан.
"Ошол күнү нөөмөттө турган дарыгерлер көңүл кош мамиле жасап, бейтапка төрөт чакыруучу дарыларды ичирген. Натыйжада келиндин абалы оорлошуп, ымыркайды ара төрөп, өзү жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган.
Арыз ээсинин айтымында, дарыгерлер өз жоопкерчилигинен кутулуу максатында келинди операция жолу менен төрөтүп, өзүнүн өнөкөт оорулары козголду деп туура эмес маалымат беришкен. Азыркы учурга чейин келиндин абалы оор бойдон калууда. Сүйлөбөйт, баса албайт, өзү тамак иче албайт, атасы көтөрүп дааратканага алып барат жана жуунтат. Болгон каражатына дарыларды алып, батирде жашап келет", - деп жазылат маалыматта.
Аталган институттан билдиргендей, арыз ээси буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылган, бирок жооп болгон эмес.
Акыйкатчы министрликтен бул иш боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөргө чара көрүүнү жана келиндин реабилитация иш-чарасын камсыз кылууну талап кылды.