Улан Ниязбеков ШКУнун ички иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Ташкентке барды

Бүгүн, 18-августта ички иштер министри Улан Ниязбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйынына катышууга Өзбекстанга барды.

ИИМден билдиришкендей, 17-18-августта өтө турган жыйын Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы алкагында өтөт.

Аталган кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтеринин, ШКУга караштуу байкоочу мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын, КМШга катышкан мамлекеттердин жана КМШнын террорчулукка каршы борборунун аймагында Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштуулуктун башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүү ишин координациялоо боюнча бюронун делегациялары катышат.

Кеңешмеде эл аралык жана аймактык коопсуздук, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, террорчулукка, экстремизмге каршы аракеттенүү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана башка маселелер талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан