Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2019-жылдан азыркы мезгилге чейин ажылыкка кезекке туруп, акчасын ала элек жарандарга кайрылуу жасады.
Муфтияттан маалымдагандай, акчасын ала элек талапкерлер ажылык сапар үчүн төлөнгөн акчаларын кайтарып алуусу керектигин, ошол эле учурда алардын кезеги сакталып тура берерин билдирди.