Саламаттыкты сактоо министрлигинин иштен алынган үч бөлүм башчысы кайра кызматына коюлду. Мындай чечим Биринчи Май райондук сотунда 10-августта кабыл алынган.
Билдирүүдө айтылгандай, коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова, юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев жана өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеванын арызы каанаттандырылып, кызматына кайтарылган.
Эске салсак, алар май айында кызматынан кол жууган. Кызматкерлер "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 37-беренеси менен (мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу) кызматтан бошотулушкан.