Ошто салык чогултуу күчөтүлөт

17-августта Ош шаарынын мэриясында мүлк (транспорт, турак жай, жер) салыгын чогултуу боюнча тиешелүү шаардык штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов баштаган шаардагы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү, салык кызматынын жетекчилиги, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Р.Аданов салык жыйноо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берип, жыйындын катышуучуларынын ой-пикирлери, сунуштары угулуп, талкууга алынды.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга жана мекемелерге төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

- мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ведомстволордун кызматкерлери арасында учурдагы салык мезгилине карата мүлк салыгын( транспорттун, турак жайдын, жердин) өз убагында төлөө боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн;

- транспорт салыгын чогултууну жогорулатуу максатында салык кызматынын кызматкерлери патрулдук милиция кызматы менен биргеликте автобазарда, унаа токтотуучу жайларда, патрулдук милициянын стационардык постторунда пландуу рейддерди жүргүзүүнү күчөтсүн;

- калк менен эсептешүүдө ишкер субъекттерин контролдук-кассалык машиналарды колдонууга которуу, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу, шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын төлөгөн салыктарын карап чыгуу, көмүскөдөгү салыктарды ачыкка чыгаруу, рейддик салыктык көзөмөл жана башка иш-чаралар активдүү жүргүзүлсүн;

- турак жайы бүтүп жашап жаткан, бирок кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту же башка курулушка уруксат берүүчү тийиштүү иш кагаздары толук бүткөрүлө элек жашоочуларга документти бүткөрүүгө мыйзамда белгиленген тартипте көмөк көрсөтүлсүн;

- салык төлөөчүлөрдүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту же башка курулушка уруксат берүүчү тийиштүү иш кагаздары жок болгон учурда мүлк объектисинин салык салынуучу наркын эсептөөдө мүлктүн объектисинин тышкы периметри боюнча физикалык ченөөлөрдү уюштуруу жана ар бир аймак боюнча короодон короого кыдыруу жолу менен турак жай салыгын чогултуу иштерине көмөк көрсөтүү үчүн салык кызматына атайын адистер бөлүнүп берилсин;

- коомдук транспорттун айдоочулары арасында 1-сентябрга чейин транспорт салыгын төлөө зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан