Ошто балдардын коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош облусунун Араван районунда балдардын коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-августтан баштап Араван районунун аймагында Араван РИИБинин балдар иштери боюнча инспекторлору жана аймактык тескөөчүлөрү, көчмө кабылдама унаа менен өспүрүмдөрдүн сууга түшүүдөгү коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Андан сырткары кооптуу болгон жайларда эскертүү тактайчалар илингенин өспүрүм балдарга көрсөтүп, сууга түшүүдө кооптуу жайларда сууга түшүүгө болбой тургандыгы эскертилди.

Түшүндүрүү иштери Ош облусунун бардык аймактарында өткөрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан