Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов президент Володимир Зеленськийге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Украин президентинин сайтында жазылган.
Маалыматка ылайык, ишеним грамоталарын тапшыруу аземи Киев шаарында өткөн. Анда кыргыз элчиси Володимир Зеленськийге ишеним грамотасын тапшырды.
"Ушул оор мезгилде стратегиялык өнөктөштөрдүн жана дос өлкөлөрдүн элчиликтери толук кубаттуулукта ишин улантып жатканын баалайбыз. Бул биздин эки тараптуу мамилелерибиз жана мамлекетибизди колдоо үчүн чоң мааниге ээ", - деген Зеленський.