Улан Ниязбеков Ташкенттеги Эгемендүүлүк эстелигине гүл койду

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтеринин делегация башчылары менен биргеликте Эгемендүүлүк эстелигине гүл коюшту. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, Өзбекстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата курулган Эгемендүүлүк эстелиги өзбек элинин 3000 жылдык тарыхын чагылдыруу менен маданиятты жана руханиятты ачып берген хронологиялык иреттелген композиция.

Бул архитектуралык чыгарма Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин тапшырмасы менен иштелип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан