"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары борбордогу "Ала-Тоо" аянтындагы сагыздарды тазалап жатышат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин аянт атайын техника менен жуулуп, тазаланган. Бирок сагыздар кеткен эмес, мындан улам аны кол менен кырып тазалоого туура келген.
"Сагыздарды ушинтип колго кырып тазалайбыз. Урматтуу жарандар, тазалыкты сактап, туш келди жерге сагыздарды ыргытпоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.