Телефон чалып, алдаган шылуундардан сак болуӊуздар

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы телефон аркылуу байланышка чыгып, алдоону адат кылган шылуундардан сак болууга чакырды.
Маалыматта жазылгандай, эгерде төмөндөгү маселелер боюнча сизге белгисиз жарандар байланышка чыкса-алардын айткандарын аткарып ыкчам чечим кабыл алууга шашпаӊыздыр.
Алдамчы топ сиздерге төмөндөгү маселелер менен алдап кайрылышы мүмкүн:
1. «Сиз лотереядан (сиздин телефон номериӊиз, банктык карточкаӊыздын номери) утушка ээ болду, ал үчүн мобу эсепке (телефон номери дагы болушу мүмкүн) алгачкы сумманы гана (залог) төлөп, анан утушуӊузду алып кетиӊиз..».
2. «Ата, (апа, эже, жезде) тез арада мобу дарекке ири суммадагы акча алып келиӊиз, мен (же жакын тууганын айтышы мүмкүн) кырсыкка учурадым…».
3. Эгерде документтериӊизди жоготуп алып, аны жарыя кылсаңыз, жарыяда көрсөтүлгөн номерге чалып: «Сиздин документиӊиз, буюмуӊуз мен таап алгам, аны алуу үчүн төмөнкү эсепке ачка которуӊуз..» деп айтышат. Жоготкон буюмуӊузду колуӊузга албай туруп эч жакка акча которбоӊуз.
4. Буюмуӊузду сатуу үчүн жарыя жасадыӊыз дейли. Белгисиз адамдар ал буюмду сатып ала турган болуп, акча которуу үчүн банктык карточкаӊыздын эки тарабынын сүрөтүн ватсап аркылуу жөнөтүүнү суранса-макул болбоӊуз.
5. «Атыӊыз, фамилияӊыз каза болгон ири бай адамдын мураска таштаган акчаны алуу үчүн керек болуп жатат. Анткени мураскер каза болгон . Болгону акча которууӊуз керек » деген сунуш менен чалат же электрондук дарекке жазат.
6. Белгисиз жаран телефон аркылуу байланышып, «биз банктан чалып жатабыз. Сиздин банктык карточканызга кирүү аракети болду»(же (коопсуздук үчүн паролуӊузду алмаштырып беребиз» десе) деп айтышып, банктык карточкаӊыздын эсебин сурайт. Же болбосо «акчаӊызды резервдик эсепке которуп турабыз» деп алдашы мүмкүн.
7. Интернеттен (түрдүү кошумча досторуӊуздун атынан, досуӊуздун сүрөттөрүн коюп баракча ачып(двойник), Сизге оор шарттын айтып,убактылуу акча сурап, кайрадан баракчасын өчүрүп коет.
Эгерде ушундай жарандар чалып калса эмне кылуу керек?
Демейде, телефон шылуундары акчаны тез которууну, тез жеткирүүнүн зарылдыгын айтышып, жарандарга психологиялык басым жасоого аракет кылышат. Башка бирөөлөргө чалып, тактап сурап алууга мүмкүнчүлүк бербөөнүн аракетин жасайт. Мындай учурда чочууга, стресске кабыл болуп, шашып чечим кабыл албаӊыздар. Тиешелүү банктарга, жакындарга, фирмаларга чалып, телефон чалган жаран тарабынан айтылгандарды тактап сурап алуу -эӊ зарыл. Ошондой эле, сизге телефон аркылуу чалып, алдоону аракет жасаган адамдарга токтоо, олутуу түрдө мамиле жасап, анын маалыматтарын жана ал адам тууралуу тактап сурап алууну аракет жасаӊыз (демейде мындай шылуундар билимдүү жана чечкиндүү адамдарга чалуудан тайсалдашат).
Шектүү чалуулар болсо-жергиликтүү милиция кызматына 102 телефону аркылуу байланышып, окуя боюнча кабар берүүнү унутпаӊыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан