Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы мектептерди куруу иштерин улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган башкармалык Мурас-Ордо жана Алтын-Ордо конуштарындагы курулуп жаткан орто мектептерге, ошондой эле Ак-Бата конушундагы №43 орто мектепке технологиялык жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады.
Тендер квалификациялык талаптар менен котировка ыкмасы менен өткөрүлөт.
Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg