Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди

Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Анын жазганына караганда президент Жапаров ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген.
"Жергиликтүү эл менен жолуккан. Элдин "Жол салып атышат, жаратылышыбыз талкаланат" деген үнүн уккан.
Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбастан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Ошол эле маалда компания тараптан жергиликтүү жашоочулар үчүн азырынча жыл сайын 50 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турган болду. Алтын чыга баштаганда бул сумма эселеп көбөйтүлөт деп макулдашылды.
Андан тышкары, мамлекеттин үлүшү дагы киргизилмей болду. Кенди иштетүүдө цианид колдонулбайт. Алтын Кара-Балтада аффинаждалат", - деп жазган ал.
Белгилесек, июнда айында Садыр Жапаров Солтон-Сары аймагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берген.
Маалымат үчүн: Солтон-Сары алтын кени Бишкек шаарынан 355 чакырым алыстыкта жана деңиз деңгээлинен 3 миң 500 метр бийиктикте жайгашкан. Аталган алтын кени Бучук, Ак-Таш жана Алтын-Төр деген 3 участоктон турат. Кенде 20 тоннанын тегерегинде алтындын запасы бар. "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы Бучук участкасында алтын казууга 20 жылга лицензия алган.
2019-жылы "Жоңжи майниң" ("Zhong Ji Mining") кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Андан соң өкмөт "Zhong Ji Mining Company" тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан