Кыргыз циркинин артисттери эл аралык фестивалдан байгелүү кайтышты

Кыргыз циркинин артисттери эл аралык фестивалда эки коло байгени жана атайын сыйлыктарды жеңип алышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында өткөн "Азия жаңырыгы-2022" аттуу XIII эл аралык цирк искусствосунун фестивалында Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери эки коло байгени жана атайын сыйлыктарды жеңип алышты.
Фархат Төлөков жетектеген “Аят” тобунун акробат шамдагай жигиттери биринчи коло байгенин жана көрүүчүлөрдүн атайын сыйлыгына ээ болушту.
Артисттер:
1)Токтосун уулу Мухамедали
2) Ходжаев Жуманазар
3)Абдыгулов Жумабек
4) Мусаев Телек
Алмаз Алжанов жетектеген "Алмаз" жонглёрлор тобу 2-коло байгени жана Венгрияда өтө турган фестивалга жолдомо утуп алышты.
Артисттер:
1) Гербекова Оксана Муссаевна
2) Алжанов Милан Алмазович
3) Нигаметзянов Марсель Маратович
4) Толкачев Михаил Сергеевич
Ал эми Чымкент циркинин атайын байгесин "Sky" акробат дуэти жеңип алды.
Артисттер: Анатолий Илатовский жана Александра Белецкая.
Белгилей кетсек, "Азия жаңырыгы-2022" фестивалына Франция, Израиль, Венгрия, Монголия, Въетнам, Орусия, Белоруссия, Өзбекстан, Тажикистан, Казакстан, Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген 100дөн ашык артисттер күч сынашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан