Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу козголгон иштин алкагында камакка алынган блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ал соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган.
"Кечээ, 18-августта айыпталуучунун жактоочуларынын өтүнүчү канааттандырылып, соттук териштирүүлөр бүткөнгө чейин Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Маалымат үчүн:
Журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылып, иликтеп берүү өтүнүчүн келтирген.
Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болордон 2 күн мурда милицияга кайрылып, аброюна шек келтирди деген блогердин үстүнөн арыз жазган. Андан кийин 33 жаштагы блогер кармалып, бир айга камакта калтырылган. Кийинчерээк шектүү Батмакан Жолболдуева өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, кан тамырын кескен.
21-апрелде Ош шаардык сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып жатканы маалым болгон. Ошондой эле Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн 4 берене боюнча кылмыш изи козголгон.