Ысык-Көл РИИБинин инспекторлору балдар үйүнөн кабар алышты

Ысык-Көл РИИБинин балдар иштери боюнча инспекторлору Семёновка айылындагы “Ынтымактуу үй-бүлө” балдар үйүнөн кабар алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу жакшы маанайда өтүп, ар кандай иш-чара, оюн-зооктор менен коштолуп, белектерди тапшыруу менен аяктады. Испекторлор жаш досторуна жайкы каникул күндөрү кызыктуу өтүшү жана кымбат кыялдар орундала турган ишеничти тартуулоо үчүн колдон келген бардык аракетин көрүштү. Милиция кызматкерлери балдарга кийинки жолу жаңы окуу жылынын алдында белектер менен келүүгө убада беришти”,- деп билдиришти облустук милициядан.

Анда айтылгандай, балдар иштери боюнча инспекторлор жайкы каникул учурунда жаш өспүрүмдөр арасында профилактикалык иштерди активдүү жүргүзүшүүдө. Анын негизги максаты - балдардын көлдө чөгүп кетүүсүнүн, укук бузуулардын жана ар кандай жаракат алуулардын алдын алуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан