Насыя алган адамдардын саны былтыркыдан 9,5 пайызга азайды

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 298 миңге жакын адамга 17,4 миллиард сом насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Кредит алган жарандардын саны 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 9,5 пайызга жана берилген микрокредиттердин көлөмү 1,7 пайызга азайды.

Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 42 пайызы керектөөчүлүк муктаждыктарга берилди, 28 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды, 12 пайызы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 6 пайыздан ашыгы курулушка берилди.

Насыялардын эң көп суммасын Бишкек шаарынын (18,5 пайыз), Ош (18 пайыз), Чүй (16 пайыз) жана Жалал-Абад облустарынын (14 пайыз) тургундары алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан