Ички иштер министри Улан Ниязбеков Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов менен жолугушту. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер Ташкенттеги ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кеңешмесинин алкагында жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө заманбап дүйнөнүн криминалдык чакырыктарын, атап айтканда, маалыматтык чөйрөдөгү кылмыштуулукту, терроризмди жана экстремизмди, мыйзамсыз миграцияны, баңгизаттарды, курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүнү жана адамдарды сатууну эске алуу менен өз ара аракеттенүүнү андан ары кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эки тараптуу ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, ошондой эле региондук коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тармактык ведомстволордун ортосунда узак мөөнөттүү келечекте өз ара аракеттенүү чараларын караган кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.