Чет мамлекеттик жогорку аскер окуу жайларына өткөн курсанттар ант беришти

Бүгүн, 20-августта чет мамлекеттик жогорку аскер окуу жайларына өткөн курсанттар ант беришти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Коргоо министрилигинин өкүлдөрү, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.

Бул жылы чет мамлекеттик жогорку аскердик окуу жайларга 40тан ашык кыргыз жарандары өттү. Алар Орусия, Азербайжан жана Казакстандын жогорку аскердик окуу жайларынан билим алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, курсанттар буга чейин тереңдетилген медициналык текшерүүдөн, дене-тарбиялык даярдыгы боюнча нормативдерден, ошондой эле предметтик жана психологиялык тесттерден өтүшкөн

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан