Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан "Joker" түнкү клубунан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:20 чамасында Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан "Joker" түнкү клубунан өрт чыккан. Жерине 2 өрт өчүрүүчү тартылып, тилсиз жоо саат 11:45те чектөөгө алынып, саат 13:23тө толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен жалпы эки кабатту имараттын 496 чарчы метр аянты күйгөн, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдары такталууда.