Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жолдун эки тарабындагы тротуарларды оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жасалуучу тротуардын узундугу 5,5 чакырым, туурасы 3 метр болот. Оңдоо иштерин жылдын аягына чейин бүткөрүү аракети көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, быйыл калаада 38 көчөнүн тротуарларын реконструкциялоо пландалган. Учурда 18 көчөнүн боюндагы 26 чакырым троутар жасалууда.