Ош шаарында жабык теннис корту курулууда

Ош шаарында жабык теннис корту курулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Спортту өнүктүрүү боюнча пландалган иш-чаралардын алкагында балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин жабык теннис кортун куруу иштери жүрүп жатат. Объект пайдаланууга берилгенден кийин балдарды жыл бою тенниске үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, бул жерде теннис боюнча шаардык жана республикалык чемпионаттарды өткөрүү пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.

Курулуш иштерин сентябрдын ортосуна чейин бүтүрүү пландалганы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан