Турмуштук шартка байланыштуу убагында мектепке барбай калган 9 жаштагы балага билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.
“Бизге 9 жаштагы бала мектепке барбай жүрөт деген кайрылуу келип түшкөн. Барып изилдесек чындыгында бала мектепке барбаптыр. Ден соолугуна дагы кам көрүш керек экен. Баланы апасы таштап кетиптир, атасы дагы каякта экени дайынсыз. Аны туугандары карап жатыптыр. Турмуштук шартка жана баланын документтеринин жоктугуна байланыштуу мектепке барбай калган экен.
Коомчулукка жардам сурап кайрылганбыз. Ар кандай материалдык жардам беришүүдө. Учурда өкмөт тараптан документтерин даярдашууда. Анан “Приоритет” деген жеке менчик мектептин директору Юлия Жаналиева баланы бекер окутуп берели деп кайрылды”, - деп билдирди ал.
Укук коргоочу кайсы жерде билим албай жүргөн балдар болсо кайрылса болорун, аларга шарт түзүүгө көмөктөшөрүн кошумчалады.