Жалал-Абад облусунун аймагында бир апта ичинде 31 мас айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында бир апта ичинде 31 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-августтан 19-августка чейинки аралыкта 1901 жол эрежелерин бузуу аныкталган.

Алардын ичинен, мас абалында унаа башкаруу - 31;

Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 3;

Айдоочулук күбөлүгү жана унаага тийиштүү документтери жок унаа башкарган - 29;

Кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашырып айдаганы үчүн - 810;

Башка ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн - 873;

Убактылуу токтотуучу айып короого - 60.

Бардык айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан