Кечээ, 21-август күнү Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда чет өлкөлүк жаран аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, саат 20:40 чамасында М.Б. аттуу Италиянын жараны эл аралык өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү борборуна " SOS" белгисин жибергендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине “Кумтөр” ишканасынын мобилдик тайпасынан 4 куткаруучусу тартылып, аты аталган жаран аман-эсен табылгандыгы айтылат маалыматта.