Чолпон-Атада "Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги" форуму өтүүдө

Бүгүн, 22-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында "Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги" аттуу форум өтүүдө.

Ага өлкөнүн биринчи айымы, "Эне балага - тирек" коомдук фондунун директору Айгүл Жапарова, министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, экс-президент Роза Отунбаева, БУУнун Кыргыз Республикасынын системасынын туруктуу координатору Антье Граве, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер, ишкерлер катышууда.

Форумдун ачылышында министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсаловго сөз берилди. Анда ал өлкөдөгү саясаттагы айымдардын ролу жөнүндө айтып өттү.

Иш-чаранын максаты - жаңы чакырыктардын алдында аялдардын лидерлиги көп түрдүү экенин жана Кыргызстандын өнүгүшүндө аялдардын кошкон салымын көрсөтүү.

Форум Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, "Эне балага - тирек" коомдук фонду жана Бириккен улуттар уюму менен биргеликте өткөрүүдө.

Белгилей өтсөк, аталган форум өлкөдө 2-жолу өтүүдө. Алгачкы жолу 2021-жылы 10-мартта өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан