Кыргызстанда бир аптада 15-22-августта СOVID-19дун жаңы 339 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, амбулатордук дарыланууда — 297, ооруканага жаткырылгандар – 42 адам.
2022-жылдын 8 ай 22 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 20 миң 789 учуру катталган, анын ичинде 18 миң 789 (90,3%) учур лабораториялык негизде жана 2000 (9,7%) учур клиникалык-эпидемиологиялык түрдө тастыкталган.
Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат.