Акыркы аптада өлкөдө 17 миң 169 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Алардын ичинен:
- белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3736;
- тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 218;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5470;
- транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 19;
- авто ээн баштык – 6;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 962;
- тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 75;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5437;
- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 41;
- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 229.
Белгилүү болгондой, унаа токтотуучу жайга 919 унаа коюлган.